Сокулук районунда “22 жаштагы тургунду катуу сабап, андан соң бычак менен сайып салган” деп шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Айтымында, Б.Бейшенов аттуу жаран аны катуу сабап, бычак менен сайып салган.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер жүрүп, изи сууй электе кылмышка шектүү кармалды. Ал ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну Б.Бейшенов болгон.
Учурда “саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.