Аба ырайы, 10-апрель: Республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

10-апрелде республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын багыты батыш тарапка өзгөрүлүп турат. Ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +25°C, түнкүсүн +8°C

Талас облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +24°C, түнкүсүн +9°C

Баткен облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +8°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +3°C

Нарын облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн -6°C

Бишкек шаары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +3°C

Эскертүү!

11-14-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 11-апрелде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 12-14-апрелде өрөөндөрдө жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат. Автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга өтө эле коркунучтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан