* 81 жыл мурун, 1933-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев төрөлгөн. Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Манас-II ордендери жана медалдар менен сыйланган. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
* 1990-жылы, 24 жыл мурун Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы ишин баштаган. Сессияда кыргыз калкынын мамлекет куруу салтына чиркөө болуп келген жаңылыштыктарды түздөө иштери жасалган. Депутаттардын чечимине ылайык, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Абсамат Масалиев, ал эми Министрлер советинин төрагалыгына Апас Жумагулов шайланган.
* 2005-жылы, мындан 9 жыл мурун каскадёр Үсөн Кудайбергенов белгисиз адамдар тарабынан үйүндө атылып өлтүрүлгөн. Бул атайын тапшырма менен жасалган каргашалуу өлүмдүн эл арасында айтылган версиялары көп болуп, бири "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун соратниги болгону үчүн Куловду сестендирүү максатында жасалган иш десе, экинчиси, Кудайбергеновдун акыркы ирет ММКларга берген маалыматынын жыйынтыгы деп болжолдошкон.
* 2010-жылы Польшанын президенти Лех Качиньский баш болгон бир топ бийлик өкүлдөрү авиакырсыктан каза болушкан. Польшанын президенти Лех Качиньский түшкөн учак Орусиянын Смоленск шаарына конордо кулап, президент менен кошо Польшанын саясий элитасынан 99 адам набыт болгон. Алар Смоленскиге поляк офицерлеринин атылып кетүүсүнө карата аза күтүү иш-чарасына келе жатышкан. Кырсыкка кабылган Ту-154 учагындагы бир да адам аман калган эмес. Учак төрт жолу конууга аракет кылганда анын канаты даракка илинип, кыйроого учураган. Кырсык болору менен президенттин жасатын тааныш үчүн анын түгөйү (эгиз) Ярослав Смоленскиге учуп келген. Лех Качиньскийдин сөөгү аялы Мария Качиньский менен чогуу Кракова шаарындагы Вавель сепилине коюлган. Аталган сепил XIV кылымдан бери поляк падышаларынын көмүлүүчү жайы болуп саналат.