Орусиянын гуманитардык жардам катары берген буудайынын 3 миң тоннасы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалым болгондой, буудай Кара-Балта шаарындагы "Дан" мамлекеттик ишканасынын элеваторуна түшүрүлдү. Эске салсак, Орусия Кыргызстан менен Кыргызстанга 20 миң тонна буудайды кайтарылгыс гуманитардык жардам катары бөлүп берүү тууралуу келишим түзгөн.