Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 10-апрелде саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык берүү токтотулат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында Абдрахманов, Горький көчөлөрү менен кесилишкен тилкелерде, Юг-2 кичи районундагы №14, 15, 15-а, 19-24, 102, 118-көп кабаттуу үйлөрдө жарык берүү токтотулат.  

Андан тышкары Ак-Өргөө (Жетиген, Алтын-Казык, Ай-Көчө, Чамгарак, Айдың-Көл көчөлөрүндө), Ала-Тоо (Арчагүл, Жоон-Дөбө, Бектен көчөлөрүндө), Бакай-Ата (Анар, Бакай-Ата, Алмамбет, Чубак), Кара-Жыгач (Исанов, Субанбек-Ата, Кожояр көчөлөрүндө), Алтын-Ордо (2, 3, 6, 7-көчөлөрүндө) “акылдуу” эсептегичтер орнотула турганына байланыштуу электр жарыгын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан