Сокулук районунда 25-декабрь күнү Мерседес Бенц унаасы оодарылып кетип, жүргүнчү каза болду. Андан сырткары унаадагы 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 25-декабрь күнү кечки саат 18:20 чамасында Мерседес Бенц унаасынын 20 жаштагы айдоочусу "Манас" аэропортун көздөй баратып рулду башкара албай оодарылып кеткен. Жыйынтыгында окуя болгон жерден 21 жаштагы айым Д.Б. каза болсо, айдоочу жана 2 жүргүнчү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча тергөө иштери жүрүүдө.