Бишкектин Ала-Тоо конушунун тургундары 2008-жылы алган жер тилкелерин Ленин райондук каттоо кызматы башка бирөөлөргө да берип жиберген. Муну ЖКнын 10-апрелдеги жыйынында депутат Эркин Сакебаев билдирди.
“Мага аталган конуштун 21 тургуну кайрылды. Алар 2008-жылы 4 сотыхтан жер тилкелерин сатып алышкан, бирок жерлери башка бирөөлөргө да берилип кетиптир. Аны Ленин райондук каттоо кызматы берип жиберген. Бул боюнча соттун чечими чыкканына карабай маселе чечилбей жатыптыр”,- деди эл өкүлү.