Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев парламенттин 10-апрелдеги жыйынында депутаттарды концерт, театрларга көп барууга чакырды. Депутат Улуттук филармонияда өткөн Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөн концертке ыраазы болгонун айтты.
“Жакшыны жакшы, жаманды жаман деп эле айтышыбыз керек. Филармонияда өткөн концертке катышып, абдан ыраазы болдум. Кыргыздын маданиятын, каада-салтын кантип жогорку деңгээлде чагылдырууга болорун көрдүм. Концерт аншлаг менен өттү. Андан кийин театрга “Алтынчы күнү кечинде” комедиялык чыгармасына бардым. Жаштардын көп келгенин көрүп кубандым. Биз, депутаттар, үй-бүлөбүз менен театрларга барып турсак жакшы болот эле”,- деди Осмоналиев.