Мыктыбек Абдылдаев Каржы министри Ольга Лавровадан так жоопту талап кылууда

ЖКнын бүгүнкү жыйынында КРнын Өкмөтү тарабынан демилгеленген 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлуп, КРнын Каржы министрлиги өкүлчүлүк кылган КРнын Өкмөтүнүн жана Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100 миллион АКШ доллары суммасында насыя берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору Каржы министри Ольга Лаврованын катышуусунда талкууга алынууда. "Насыянын биринчи траншы керектүү объекттерди курууга, экинчи траншы жаңы конуштардын жолдорун оңдоого кетет" деген министрдин сөзүнө карата берилген "Именно кайсы жерде курулуп, кайсы жерде жолдор оңдолот?" деген суроосуна так жооп берүүсүн талап кылууда эл өкүлү. "100 миллион доллар деген акча оңой эмес. Такталган нерселерди алып келбейсиңер, анан кредиттин акчасы кайсы жакка кеткенин таппай калабыз",- деди Мыктыбек Абдылдаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан