Парламент Улуттук банктын 2010-2011-жылдар боюнча отчётун жактырды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын 2010-2011-жылдар боюнча отчёту жактырылды. Аталган банктын төрайымы Зина Асанкожоева отчёт берип, депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроо-жооп учурунда "АзияУниверсалБанкынын" ячейкаларынан алынган акчалар, микрокредиттик уюмдардын ишмердүүлүгү, алардан жогорку үстөк пайыз менен насыя алган жарандардын укуктары сыяктуу бир катар орчундуу көйгөйлөр айтылды. Жыйынтыгында Улуттук банктын ишмердүүлүгү боюнча отчётун канааттандырарлык деп табуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан