Өзбекстан чек арасын улам жылдырып келе жатат, Кыргызстандын айрым жолдору жабылып калуу коркунучунда. Муну Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жыйынында депутат Уланбек Нуркулов айтып чыкты. Депутат Жалал-Абад облусундагы Барпы айыл аймагын мисал келтирди. “Өзбекстан чек арасын улам 2 метрден жылдырып отуруп жолго келип калганын айтышууда. Үйлөр курула баштады, коңшу өлкө тарапка. Чек арачылар жетишпейт, кайдыгер боло берсек, Өзгөндүн негизги жолу жабылып калбасын”,- деп билдирди депутат.
Нуркулов Шамалды-Сайдагы көрүнүштү да айтты.
“Шамалды-Сайда Өзбекстандын посту бар. Мурда ал пост трассадан 1 чакырым алыста турчу. Эми ошол жерден чек ара тартышы мүмкүн. Баткенге көңүл буруп, Жалал-Абаддагы чек ара көйгөйү калып кетти”,- деди Нуркулов.