Депутаттар “Оппозициянын митингине келе жаткандарды укук коргоо органдары күчкө салып кармап кетишүүдө. Бул чоң чыр жаратышы мүмкүн” дешти

Парламенттин 10-апрелдеги жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова “оппозициянын митингине келген адамдарды укук коргоо органдары күч колдонуу менен алып кетишүүдө” деп билдирди. Анын билдиришинче, бул көрүнүш абалды кескин курчутуп жибериши мүмкүн. 

“Тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат алынган. Топтолуп турган жарандарды күчкө салып кармап кетип жатканы боюнча тастыкталган маалымат келди. Муну токтотуш керек. Мыйзам тынчтык митингине катышууга уруксат берет. Урматтуу төрага, бул боюнча тапшырма бербесеңиз болбойт”,- деди депутат.

Ушул эле пикирди депутаттар Назарали Арипов менен Бөдөш Мамырова да билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан