Алтынбек Сулайманов: “Күч органдары түнү менен Бишкекке киргендерди текшерип чыгышты. Кимден коркуп жатабыз?”

“Күч органдары түнү менен Бишкекке кирген унааларды, автоунааларды текшерип чыгышты” деп билдирди депутат Алтынбек Сулайманов ЖКнын 10-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, бийлик мындай ишке барбай, митингге келгендердин талабын угушу керек.

“Кимден чочулап жатабыз, өз элибизден коркуп жатабызбы? Түнү менен текшерүү жүрүп, документи жок жарандарды РИИБдерге чейин алып барышты. Муну токтотуп, митингчилер менен жолугушууга барыш керек”,- дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан