Бакыт Төрөбаев: “Кыргызстан Украина боюнча карама-каршы билдирүү жасоодо”

“Кыргызстан Украина жана Крым боюнча карама-каршы билдирүү жасоодо” деди депутат Бакыт Төрөбаев ЖКнын 10-апрелдеги жыйынында. Депутаттын билдиришинче, Тышкы иштер министрлиги түшүнүксүз билдирүүлөрү менен өзүн-өзү туңгуюкка алып келди.

“Министрлик алгач “Янукович Украинанын легитимдүү президенти эмес” деп билдирди. Бирок Крымда өткөн референдумду таануу боюнча БУУда добуш берүүгө катышуудан баш тартты. Бири-бирине каршы келген билдирүү жасагандан көрө Тышкы иштер министрлиги унчукпай коюшу керек эле. Президент, өкмөт башчы жана парламент бирге тышкы саясат боюнча бир чечимге келип алышыбыз керек”,- деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан