Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерди тапшырды

Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Д.Сыдыков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндөгү жаңы жылдык балатыга катышты. Балаты майрамына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ж.Төрөмаматов, Сузак районунун акими Н.Мурзакматов, райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана облустук укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Сыдыков Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, 15 миң сомдук белектерди жана Германия элчилиги тарабынан берилген 8 компьютерди балдар үйүнүн тарбиялануучуларына тапшырды. Эске салсак, Жалал-Абаддагы балдар үйү 2012-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин башкаруусунда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан