Бөдөш Мамырова: “60 тыйын үчүн Бакиевди каякка жеткиргенибизди билебиз, телефонго бирдик салуу эмне үчүн 4 сомго кымбаттап кетти?”

Парламенттин 10-апрелдеги жыйынында депутат Бөдөш Мамырова: “Телефондук сүйлөшүүдөгү 60 тыйын үчүн Бакиевди каякка жеткиргенибизди билебиз, “Билайн” компаниясы телефонго бирдик салууну эмне үчүн 4 сомго кымбаттатып жиберди?”- деди. Депутат бул маселени тез арада иликтеп чыгып, элге маалымат берип коюу зарыл экенин белгиледи.

“Мурда бирдик салуунун наркы 5 сом болсо, азыр 9 сом, айрым жерлерде 10 сомдон алып жатыптыр. Эмне үчүн көтөрүлгөнүн билели, болбосо элдин нааразычылыгы күчөйт”,- деди Мамырова.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул боюнча маалымат берүүнү өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан