Бүгүн, 10-апрелде саат 10:20да ӨКМнын куткаруучулары 28-март күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Бишкектин тургуну Жыргал Ниязалиевдин сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка таянсак, 1973-жылы Бишкек шаарында туулган Ж.Ниязалиевдин сөөгү Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын тушундагы Чоң Чүй каналынан табылган.
Издөө иштерине ӨКМнын Аламүдүн райондук куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, ӨКМнын Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул жана маркумдун туугандарынан 10 адам катышты.
Учурда Ж.Ниязалиевдин сөөгү Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.