Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун башкармалыгынын жооптуу кызматчысы 36 000 сом пара алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 10-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, апрель айынын баш ченинде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына арыз түшкөн. Анда Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу мекемеде коррупциялык иштер жүргүзүлүп жатканы айтылган. Такталгандай, башкармалыктын жооптуу кызматчысы жеке ишкерден 36 000 сом талап кылган. Жеке менчик курулуш иштерине мамлекеттик техниканы берүүгө убада берген.
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.