Америкада 21 адамды бычактаган 16 жашар мектеп окуучусу тартип сакчылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 10-апрелде жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кечээ, 9-апрелде Питтсбург шаарчасында жайгашкан Franklin Regional орто мектебинде 21 адамга кол салуу болуп, жаракат алгандар ооруканага жеткирилген. Тартип сакчылары окуя катталган жерден шектүү катары 16 жаштагы мектеп окуучусун кармашкан. Учурда тергөөчүлөр айыпталуучунун жүйөсүн тактоодо.