“Орусиялык балдар фонду” Орусиянын кайрымдуулук фонду Ош облусунун Кара-Суу районундагы дүлөйлөр мектеп-интернатына китептерди белекке берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Кайрымдуулук фонд берген 500дөн ашуун атайын китептерди, усулдук колдонмолорду мектептин тарбиялануучуларына Орусиянын элчилиги 26-декабрда тапшырды. 2012-жылдан тартып ТИМдин башкаруусундагы бул мектепте бүгүнкү күндө 175 окуучу билим алат. Алардын арасында мектепке чейинки балдардан тартып, 9-класска чейин окуучулар бар.