Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу жасалма диплом сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, ал Ош медициналык колледжин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма дипломду 30 миң сомго баалап, сатып жаткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.