Кыргызстанда Токтогул ГЭСиндеги аварияга байланыштуу электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган ишканадан маалым болгондой, кечээ, 26-декабрь күнү Токтогул ГЭСинин №4-гидроагрегатынын өткөргүчүндө басым көбөйүп кетип, гидроагрегаттын иши токтотулган. Учурда авариянын келип чыгышы аныкталып жатат. Текшерүүлөр бүткөн соң аталган гидроагрегаттын качан кайрадан ишке берилери маалым болот.