Депутат Максат Сабиров "маданият тармагы кыйрап жатат" деп тынчсызданды

ЖКнын 27-декабрдагы жыйыны башталды. Алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн депутат Максат Сабиров өлкөдө маданият тармагы кыйрап жатканын билдирди. "Маданияты жок эл болбойт. Мага Искусство институту боюнча профессор, окутуучулардан көптөгөн каттар келип жатат. Азыр аталган институттун ректору милдеттүү түрдө илимдин кандидаты болушу керек деген жобо бар экен. Бул туура эмес. Ошондой эле Бишкектеги опера-балет, филармония сыяктуу мекемелердин ижара акысы боюнча да арыздар бар. Биз маданият десе эле тойдо ырдаган ырчыларды гана элестетип калдык. Маданият тармагына чара көрбөсө болбой калды",- деди Сабиров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан