Аламүдүн районунда "жазасын өтөп жаткан жолдошуна баңгизатын берүүгө аракет кылган" деп шектелип, жубайы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, Молдовановкадагы колонияда жазасын өтөп жаткан күйөөсүнө жолугушуу үчүн жубайы келген. Анын азык-түлүк салынган баштыгын текшерүүгө алганда 35 грамм гашиш табылган. Учурда кармалган айым Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.