11-апрелде республиканын аймагында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +10°C
Талас облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +9°C
Баткен облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +9°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +4°C
Нарын облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -5°C
Бишкек шаары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +9°C
Эскертүү!
11-14-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 11-апрелде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 11-12-апрелде Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын дарыяларында абанын жогору температурасына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн. 11-14-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.