Баткен облусунда Тажикстандын жараны 17 килограммдан ашык баңгизаты менен кармалды

Баткен облусунда Тажикстандын жараны 17 килограммдан ашык баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы бүгүн, 10-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Тажикстандын Н.О. аттуу жараны кармалган. Анын жанындагы баштыгын текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограмм 362 грамм гашиш алынган. Кармалган жарандын айтымында, маңзат Орусияга жөнөтүлмөк.

Эксперттердин баамында, алынган гашиштин баасы 600 миң долларга бааланат. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anara-anara
2014-04-11 11:38:36
Ваауу не деген акча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан