Ысык-Көл. Түп районунда кар көчкүдөн эки адам каза тапты
Ысык-Көл
облусунун Түп
районундагы Чоң-Таш аймагында 26-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Чоң-Таш айылынын Орто-Айрык коктусуна 3 адам аттары
менен отунга чыгып, кар көчкүнүн
астында калышкан. Бул
тууралуу КРнын ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын
ыкчам кезметчиси Бактыяр Токсомбаев маалымдады.
Белгилей кетсек, кар көчкүнүн көлөмү
3000 м³ түзгөн. Натыйжада
2 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Жергиликтүү
тургундар тарабынан каза болгон адамдардын сөөктөрү
саат 23:50 чамасында табылды. Каза болгондор: 1980-жылы туулган Н.Бердибеков,
1989-жылы туулган Т.Кантереев. Ал эми А.Токтобаевдин буту
сынган.