ЖКда өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча токтом-долбоор талкууланып жатат

ЖКнын бүгүнкү, 27-декабрдагы жыйынында өкмөттүн кышка карата даярдыгы боюнча Жогорку Кеңештин комитети иштеп чыккан токтом-долбоору каралууда. Токтом-долбоор тууралуу ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев баяндама жасады. Депутат Өмүрбек Абдрахманов: "Биз өткөн жыйында 2 саясий чечим кабыл алганбыз. Биринчиси - "өкмөттүн кышка карата даярдыгы канааттандырарлык эмес" деген чечим, экинчиси - "Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди кызматтан кетирүү тууралуу чечим болгон. Бул эки чечимди өзгөртүүсүз калтыруу керек",- деди. Ал эми депутат Бөдөш Мамырова өткөн жыйында айткан сунушу комитеттин токтом-долбооруна кирбей калганын айтты. "Мен "Кыргызгаздын" жетекчисин токтоосуз кызматтан алуу тууралуу сунуш айткам. Көпчүлүк депутаттар колдоого алып беришкен. Бул сунушту киргизбей коюпсуңар, мен аны токтомго киргизүүнү талап кылам",- деди. Буга Кожобек Рыспаев "сиз "кызматтан айдоо" деп жазыпсыз, биз антип "айдоо" деп жаза албайбыз. Текстти оңдоого туура келди" деп жооп берди. Буга Бөдөш Мамырова "сиз экөөбүздүн антип өзгөртүүгө акыбыз жок" деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан