Бишкек шаарындагы жеке медициналык клиникалардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-апрель күнү саат 07:39 чамасында Өрткө каршы кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Бишкек шаарындагы “ЮРФА” аталышындагы жеке медициналык клиникалардын биринде өрт чыкканы айтылган. Ал жакка өрт өчүрүүчүлөр барганда мекеменин 20 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.