Кыргызстанда 2013-жылы лизингдик иштер менен 5 мекеме алектенген. Жыл ичинде 632 лизингдик келишимге кол коюлганын, 663 миллион сомдук айыл чарба техникалары берилгенин Улуттук статистика комитети билдирди. Бул сумма 2012-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп экени айтылды.