Акыркы 3 ай аралыгында 2 тоннадан ашык баңги каражаттары жана прекурсорлор алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 10-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгынын негизинде 2 килограмм героин, 4,3 килограмм гашиш, 39,3 килограмм апийим, 121 килограмм марихуана жана 1 тонна 965 килограмм күкүрт кислотасы алынган. Учурда алынган маңзаттары боюнча иликтөө иштери уланып жатат.