Депутаттар энергетикалык кризиске жооптуулардын маселесин кароодо Бишкек менен гана чектелүү болуп жатканын белгилешти
ЖКнын бүгүнкү, 27-декабрдагы жыйынында өкмөттүн кышка карата даярдыгы боюнча ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин токтом-долбоору каралып, кабыл алынды. "Бизде электр энергияга байланыштуу күнөөлүү адамдарды талкуулаганда Бишкектин тегерегинде гана сөз кылабыз. Эмне, башка аймактарда баары жакшыбы? 3-4 күн жарыгы же газы жок калган аймактар болууда. Энергетикалык кырдаалга жоопкер адамдарды кеңири масштабда кароону сунуштайм",- деди Өмүрбек Текебаев. Депутаттар "Кыргызгаздын" жетекчисин кызматтан алуу чечимин кызуу талкууга алышып, аны менен катар Бишкек мэринин да жоопкерчилигин кароо сунушу айтылды.