Кыргызстандын "Азия Микс” командасы 10-апрелде Москвада өткөн КВН мелдешинин Жогорку Лигасынын чейрек финалында 4-орунду ээледи. Мелдеште 5 команда, Кыргызстандан “Азия Микс”, Мурманск шаарынын курамы командасы, Тюмень облусунун “Союз”, “Саратов”, Красноярск облусунун “Жаштык” командалары ат салышкан. Оюндун жыйынтыгында “Азия Микс” командасы 12,2 упай топтоп, 4-орунду ээлеген. Мелдештин жарым финалына “Союз”, Мурманск шаарынын курамы командасы жана “Саратов” командасы чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде "Тапкычтар жана шайырлар" эл аралык бирикмесинин сайты жазып чыкты.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Азия Микс” курама командасы Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Жогорку Лигасынын чейрек финалына өткөн. Маалым болгондой, сынак 4 турда жүргүзүлгөн: саламдашуу, биатлон, “Жазгы курчуу” деген темага байланыштуу сюжеттер жана музыкалык үй тапшырма. Бишкектик курама команда музыкалык сынакты эң жакшы деңгээлде аткарып, жогорку баага татыктуу болгон. Жалпысынан “Азия Микс” 12,9 упай топтоп мелдештин чейрек финалына өткөн эле.