Бишкекте кармалган саруулук активист Замир Мендибаев 4 берене боюнча айыпталууда

Кечээ, 10-апрелде Бишкекте кармалган Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Замир Мендибаев 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митингди уюштуруу боюнча сыртынан айыпталып, издөөгө алынган. Ал "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" жана "адамды өлтүрөм деп коркутуу" деген 4 берене боюнча айыпталып жатат.
Эскерте кетсек, кечээ 10-апрелде саат 11:00дөн 15:00гө чейин Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында митинг өткөрдү. Иш-чарага Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев катышмак. Ал ошол күнү эртең менен милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген. Андан соң СИЗОго алып барылып, суракка алынган. Ал тергөө амалдары жүрө турган 1 ай убакыт ичинде СИЗОдо болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан