МАИ кызматкерине кол салган жаран 2 айга камалды

МАИ кызматкерине кол салган жаран 2 айга камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 11-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, “бейбаштык” жана “бийлик өкүлүнө кол салуу” беренелери боюнча айып тагылды.  

Эскерте кетсек, 9-апрелде саат 11:30 чамасында Бишкектин Тынчтык проспекти менен Москва көчөсүнүн кесилишинде эки жол-кайгуул кызматкери кызмат өтөп жатышкан. Ошол учурда бейтааныш жаран инспектордун аркасынан келип, жол-кайгуул кызматкерлеринин биринин сол тарабына эч себепсиз бычак сайган. Кийин дагы бычактоого аракет кылганда экинчи инспектор ага тоскоолдук жараткан. Мындан улам бычак менен тап берип, аны да кубалап жөнөгөн. МАИ кызматкери тапанчасы менен атууга аракет кылган. Бирок куралдан ок чыккан эмес. Ошол эле жерден тартип бузуучу милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aziko88
2014-04-11 11:15:25
Болгону 2айбы
+1
Ulutman
2014-04-11 11:52:40
Бийлик окулуно кол салуу учун 2 эле ай берип жатса, эми дагы башкалары дагы сайып башттайт да 2 эле ай берет экен деп. МАИ чилердин шору го. МАИ чилердин баркы деле кетип бутконго. Бироо сайып, бироо капотуна суйроп, бироо атып, бироо жакалап айтоор эмнени кана кылышпай эле. катуу чара корбоюн бул нерсе улана берет.
0
formula12
2014-04-11 12:01:47
Тергоо буткучокту 2 ай камалат андан кийин сот чечет да канча жылга кесилерин тушунбой эле жаза бересинер
0
aiba_00
2014-04-11 12:21:54
Жолдо МАИ лер жок болсо элестеткиле эмне болуп кетет. Зарулем журуп МАИлерге тиш кайрап калса керек да мас кезинде баатыр сезип кетти да озун.Эми точна соттолот.
+2
mir89kg
2014-04-11 22:29:53
кеминде 5 жылга кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан