Токмокто жасалма акча жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу 26-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо органдарына Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. МАнда 15-декабрда анын дүкөнүнө азиат улутундагы белгисиз жигиттер келип соода кылышканы айтылат. 500 сомдук акча берип, соодадан ашкан кайтарымды алып кетишкен. Алар кеткенден кийин акчанын жасалма экендигинен шек санап арыз жазган. Иликтөөдө акча компьютердин жардамы менен жасалып, түстүү принтерден чыгарылгандыгы аныкталды. Токмок шаардык ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды жана эки соода түйүнүндө жасалма акча чыгаруучу жерди табышкан. Тинтүү учурунда беш жасалма 500 сомдук купюра жана акча чыгарган түстүү принтер табылды. Бул иш боюнча Токмок шаардык ИИБ тарабынан кылмыш иши козголду.