15-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети “КРнын Бажы тарифтери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Парламенттик угууга депутаттар, тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана башкалар катышат.