Бишкекте мас айдоочу жол кырсыгына себепкер болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 10-апрель күнү саат 17:40 чамасында Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда 55 жаштагы А.Эсенгул аттуу кичи автобустун айдоочусу 23 жаштагы Б.Татьянанын башкаруусундагы Хонда CRV унаасын сүзүп алган. Андан соң кичи автобус 23 жаштагы Нургазынын башкаруусундагы Ниссан Альмера унаасына урунган. Мунун кесепетинен 23 жаштагы айдоочу айым жабыркап, ооруканага кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кичи автобустун айдоочусу мас абалында болгону аныкталган.