Орусияда катталган жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты

Орусиянын Челябинск облусунун Южноуральск шаарынын түштүк аймагында жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, саат 01:40 чамасында Челябинск – Троицк унаа жолунда Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тарабындагы ВАЗ-21041 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Анын кесепетинен ВАЗ-21041 унаасындагы 31 жаштагы айдоочу жана жүргүнчүлөр жабыркаган. Жүргүнчүлөрдүн бири Свердлов облусунда убактылуу турган 22 жаштагы КРнын жараны болуп чыккан. Ал алган жараатынан улам ооруканадан көз жумган. Жол кырсыгына күнөөлүү мас абалдагы аял да жаракат алган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulperi.kg
2014-04-11 13:25:11
Мас болуп алып айдап жапжаш баланын омуруно зыян келтириптир да
0
nurando
2014-04-11 15:17:46
Эх кудай озун сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан