Бишкекте жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсү менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы, бүгүн 11-апрелде маалымдады.

Маалымат боюнча, 10-апрель түнү Фольксваген Пассат унаасы менен Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен. Анын кесепетинен жүргүнчүлөр жана айдоочулар жабыркап, ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында 5 жана 2 жаштагы жаш балдар да бар. 

Учурда окуянын чоо-жайын Жол-кайгуул кызматы тактоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан