14-апрель күнү Орусияда "паспортуна башка бирөөнүн сүрөтүн чаптап алган" деп айыпталып жаткан кыргызстандык жаран боюнча сот өкүмү чыгат

Орусиянын Москва шаарында паспортундагы сүрөтүнө окшошпогону үчүн кармалган кыргызстандык жаран Маратбек Эшанкуловдун иши боюнча 14-апрелде сот өкүм чыгарат. Бул тууралуу кечээ, 10-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, айыпталып жаткан адам 2010-жылы Кыргызстандан Орусияга жумуш издеп келген. Ал убактылуу жумушка уруксат алып, куруучу болуп иштеп баштаган. Бир жылдан соң Кыргызстанга кайтууга аракет кылганда, аэропорттогу чек ара кызматкерлери аны “жасалма паспорт жасаган” деп айыптап, кармап кетишкен. Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкулов үч сутка камакта отурган. Ал юрист жана туугандарынын жардамы менен бошотулган. Бирок күч органдары ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, "башка бирөөнүн сүрөтүн чаптап алган" деп айыптап баштаган. Ушунун себебинен Маратбек 2,5 жылдын ичинде бир нече жолу камакка алынып, анын иши боюнча сүрөттүк экспертизалар өткөрүлгөн. 2014-жылдын 14-апрелинде Москва шаардык соту Маратбек Эшанкуловдун иши боюнча өкүмүн чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Manasasman
2014-04-11 15:44:41
Элчини алмаштырыш керек б.к жеп журобу. Жок дегенде жеген нанын актабайбы.пайдасы жок мамлекеттин акчасын короткондон коро. Мигрантарга озу жумшак мамиле кылып жатабыз деген орустар ушинтип куно коюуп алдап шылтоо тап алышты. Телефонуннан 20 рубль карызы учун депорт басып чыгырып жатышат. Неонацистар.
+3
Kyzyl-Unkur
2014-04-11 16:21:36
Бул да таможенный союздун бир кесепети!
Кыргыс элди кыйнай берет, качай т.с. киргенче(((
+2
myk
2014-04-11 18:27:51
Арыктаган озунун эле суроту кулагын карасанар эптеп кыйнамай
+1
kyrgyz.93
2014-04-11 19:32:58
Кызык озбек тажиктер жасалма документ сатышат метродо ошолорду эчнерсе кылбайт неге анан биздин кыргыздарды кармап соттой берет же биздин окмоттун алсыздыгыбы бул
+1
Eliza761024
2014-04-11 20:00:24
байкуш бала тиргилик деп барып кармалып калганын карасан...суротундо окшошуп эле турат ко...
0
SayKal1218
2014-04-11 21:50:04
Посольстводогулар кыргыздын акчасын жеп эле отурушат. Жыргашып, 10 эсе коп айлык акы алышат. эч бир пайдасы жок чонток толтуруп. бардыгын азайтыш керек.
0
SayKal1218
2014-04-11 21:52:30
так эле озу болуп турбайбы. кантип жабыштырмак эле куралданбаган коз менен эле корунуп турат. Элчилик жардам бербейби. ошол учун ошол жакта коп эсе айлык алып жок дегенде ичкен жегенин акташса болмок ичтерин жарып чыккырлар.
0
Cholpontai
2014-04-11 23:45:17
Багы жокко дагы жок
0
Cho
2014-04-12 03:11:40
327 берене деп аталат рф ныкы эгер мойнуна алса 3чу болугу менен штраф койулат лучшее мойнуна алыш керек ошондо озуно женилдик берилет
0
sanzhar83
2014-04-12 03:41:34
суроттогу жаш кези турбайбы,экспертизадан чыкса бошотсо керек эми
0
misha00
2014-04-12 10:41:21
Бироонун паспортуда мындайлар толтура шаардын ичинде билбейт аеропортто билетта
0
bai.kymbat
2014-04-12 13:45:10
кашы, кулагы, козу окшоп эле турбайбы,болгону арыктап агарып калыптыр, Бойроктон шыйрак чыгарып жатышатта орустар
0
Eli75
2014-04-12 15:30:14
Суроттогу адамдар бири-бирине бет тузулушу окшош экен, болгону паспортунда бир кемчилиги бар корунот. Балким,чындап эле суротун чаптап, ката иш кылгандыр. Адашпаган адам барбы. Ошон учун Аллахым курук дооматтан, бемаал олумдон сакта деп айтып дуба кылып журсок, бул жигит да башына тушкон сыноодон эсен-аман кутулуп кетер.
0
v-secret
2014-04-13 01:16:00
ozunun ele pasportugo,aryktap ketiptir,pasport alganyna 8 jyl boluptur,ozgorotda adam 8 jylda,jakwylyk mn butsoken..
0
admin_superstan
2014-04-14 10:51:00
erikkarakulja, провокацияга жол жок. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан