Ысык-Көл биосфералык аймагынын башкы дирекциясы Ысык-Көл ИИБинин кызматкерлери менен бирдикте үстүбүздөгү жылдын 22-23-декабрында көлдөгү браконьерликти болтурбоо үчүн ыкчам иш-чараларды өткөрдү. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун ИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамын бузган үч жаран кармалган. Браконьерлердин 3 желим кайыгы, 57 жуп ар кандай узундуктагы балык уулоочу торлору (болжолдуу узундугу 5 миң метр) алынды. Бул фактылар боюнча 300 сом суммасында административдик айып салынды.