Ысык-Көл. Облустук Шахмат федерациясынын жаңы президенти шайланды

24-декабрда Каракол шаарындагы “Алга” спорт мектебинде Ысык-Көл облустук Шахмат федерациясынын президенттин жаңы шайлоого арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу облустук балдар спорт мектебинин машыктыруучусу Азамат Токтогожоев билдирди. Президенттикке ат салышкандар өздөрүнүн программаларын көрсөтүшүп, натыйжада Казакбай Дербишев тандалып алынды. Ал эми аталган федерациянын мурдагы жетекчиси Нурлан Токтосопиев өз ордун бошотуп, ардактуу президент болуп калды. Айта кетсек, федерациянын президентинин иштөө мөөнөтү 4 жылды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан