Кыргызстандык мигранттарды Орусиянын аймагында турак жай менен мыйзамсыз камсыздаган жаран соттун чечимине ылайык 40 миң рубль айып пул төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Ханты-Мансийск автономдук округунун Пыть-Ях шаарынын тургуну 2013-жылдын ноябрь айынан 2014-жылга чейин кыргызстандык мигранттардын Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн билип, аларды турак жай менен камсыздап, жумушка орноштурган. Мигранттар кафелердин биринде иштеп келишкен.
Пыть-Ях шаардык сот айыпталуучуну 40 миң рубль айып пул төлөөгө мелдеттендирди.