15-март күнү Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан аялдын өздүгү тактала элек (сүрөттөрдү кароодо этият болуңуз)

15-март күнү Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан аялдын өздүгү тактала элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.

Маалымат боюнча, 2014-жылдын 15-март түнү Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш тарабында мамлекеттик номери такталбаган белгисиз автоунаа жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен. Жабыр тарткан аял окуя болгон жерден каза тапкан. Анын аты-жөнү тактала элек. Өзгөчө белгилери: европа түспөлүндөгү, орточо салмактагы 50-60 жаштагы аял, бою - 150 сантиметр, чачынын өңү - кара коңур. Кийген кийими: «ROSES» деген жазуусу бар кара түстөгү кофта, көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү замша бут кийим.

Таанып калгандар болсо, Бишкек ШИИББине же 53-01-84 номерине чалып, күзөт бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
upol92
2014-04-13 09:54:09
Жаткан жери жайлуу болсун. Бул дагы бир бактылуу эне болсо керек эле. Аркасындакы калгандарга сабыр берсин Аллахым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан