Биз социалдык тармакта

Бишкекте унаа уурдоо фактысына шектелип Казакстандын жараны кармалды

Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан унаа уурдоо фактысына шектелип Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, борбор шаардын 29 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал үйүнүн жанынан Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектелип Казакстан Республикасынын 29 жаштагы жараны К.Бауржан кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erikkarakulja
2014-04-13 12:57:24
сойуп сатам деген же казакстанга уурдап алып отуу максатта болгон.бул баланы жакшылап текшериш керек буга чейин да автоуналарды казакстанга алып отуп жургондур .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан