Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Үй-бүлөдө төрт уулбуз. Мен улуусумун. Баарыбыз үйлөндүк. Бирок эч кимибизде үлүш жер же үй салганга жер жок. Өзүбүздүн 20 сотых үлүш жерибиз бар болчу экен. Аны атам биз кичине чагыбызда, мындан 10 жыл мурда кошунабызга 20 миң сомго сатып жиберген. Азыр бир сотых да жерибиз жок. Апамдын көзү өтүп кеткен. Балдарынын үлүшүн биротоло сатып жибергенге ата-эненин укугу барбы? Сатылган жерди кайтарып алганга укугубуз барбы? Суроо калтырган MORAL
Жооп: - Жер үлүшү Кыргызстандын жарандарына кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылы 22-августта чыккан №632 токтомунун негизинде берилген. Ар бир жаран өзүнүн үлүш жерин сатууга акысы бар. Бирок сатуунун жобосуна ылайык, ар бир жаран (аялы, балдары) өзүнүн кат жүзүндө макулдугун бериши керек. Эгерде силердин макулдугуңар жок силерге тийиштүү жер үлүшү сатылып кеткен болсо, бүгүнкү күндө сотко кайрылып көргүлө.
Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.