Акыркы сутка ичинде шаардык милиция кызматкерлери тарабынан эки тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Л.Толстой көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, 18 жаштагы эки жигит кармалды.
Ушундай эле арыз менен Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну кайрылган. Анда белгисиз бирөө Рыскулов көчөсүнөн күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганы айтылган. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Болот кармалган.
Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.