ЖКда жергиликтүү кеңештин депутаттары мандат менен кызматтык күбөлүктү 800 сомдон сатып алып жатканы айтылды

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештин депутаттары төш белги жана депутаттык күбөлүктү сатып алып жатканын айтып чыкты. Анын айтымында, республика боюнча 7,5 миң жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды."Мыйзамга ылайык, БШК ал депутаттарга мандат менен кызматтык күбөлүктү акысыз бериши керек. Бирок алардан 800 сомдон акча талап кылып жатканы белгилүү болууда. Эмне үчүн БШК мыйзамды бузуп жатат? Буга чара көрүшүбүз керек",- деди депутат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан