Бишкекте эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (фото)
Бүгүн, 11-апрелде саат 15:40 чамасында Бишкек
шаарынын Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол
кырсыгы катталды. Анда Фрунзе көчөсүндө бара жаткан Фольксваген Пассат унаасы менен
Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким
жабыркаган жок.
Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусунун айтымында, Тойота Камринин айдоочусу жол
чырак кызыл болуп жанып турганына карабастан, өтүп кетүүгө аракет кылган.